Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Облустар аралык клиникалык оорукананын аймагындагы перинаталдык борбордун курулушунда текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк региондук башкармалыгынын адистери тарабынан топурактын үлгүлөрү алынды.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында топурактын мүнөздөмөлөрүнүн курулуш ченемдерине жана техникалык регламенттерге шайкештиги аныкталат.
Мындан тышкары, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары объекттин негизинин сапатын баалоого жана кийинки курулуш-монтаж иштеринин ишенимдүүлүгүн камсыздоого пайдаланылат.
Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар курулуштун сапатын камсыз кылуу, коопсуздукту жогорулатуу жана курулуп жаткан объекттердин узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыздоо максатында туруктуу негизде өткөрүлүп турат.