Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун иретке келтирүү иштери уланууда

Аймак Загрузка... 16 Июль 2026 09:30
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Ош шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдүн айланасын көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштери уланууда. Анын алкагында көп жылдан бери колдонулбай турган гараждар алынып, аймактар бошотулуп жатканын мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда бул иштер Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жүргүзүлүп жатат.

Коммуналдык кызматтар көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалап, жараксыз болуп калган дарактарды кыюу, чөп-чар менен тикенектерди тазалоо иштерин аткарууда.