Ошто "өзгөчө" балдар үчүн жаңы борбор ачылды

Аймак Загрузка... 03 Февраль 2026 16:04
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Ош шаарында Даун синдрому бар балдарды коомго аралаштыруу, алардын социалдык адаптациясын камсыз кылуу жана ата-энелерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында көп функционалдуу күндүзгү ресурстук борбор ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор "Сантерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган.

Учурда "Сантерра-Юг" коомдук кайрымдуулук фондуна Кыргызстандын түштүк аймактары боюнча 300дөн ашуун ата-эне катталып, алардын ичинен 70и Ош шаарынын тургундары болуп саналат.

Ош шаарынын мэриясы "Сантерра-Юг" кайрымдуулук фондуна Амир-Тимур көчөсүнөн 200 чарчы метрлик имаратты 5 жылга ижарага берди. Учурда бул фонд түштүк аймагындагы 300дөн ашык ата-энеге жана алардын балдарына социалдык-психологиялык жардам көрсөтүп келет.