Ошто дагы бир көчө оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Аймак 16 Июнь 2026 09:45
2.jpg
1.jpg
3.jpg
4.jpg
6.jpg
7.jpg
722205461_1348147517504142_8998326996199410682_n.jpg
723262413_1348147560837471_8774658769533346232_n.jpg
723572641_1348147734170787_245275083709844811_n.jpg
723769355_1348147760837451_6395063581483378482_n.jpg
Алдыга
Артка
2.jpg
1.jpg
3.jpg
4.jpg
6.jpg
7.jpg
722205461_1348147517504142_8998326996199410682_n.jpg
723262413_1348147560837471_8774658769533346232_n.jpg
723572641_1348147734170787_245275083709844811_n.jpg
723769355_1348147760837451_6395063581483378482_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарында Төрөбек Абакир уулу көчөсү салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мэр Жанарбек Акаев катышып, ал аталган көчөдө жайгашкан №33, №35 жана №37 көп кабаттуу турак үйлөрдө жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен жеринде таанышты.

Аталган үйлөрдүн сырткы фасаддары Ош шаарынын мэриясынын кош каржылоо долбоорунун алкагында жаңыланып, акталып-сырдалып, жашоочулар үчүн унаа токтотуучу жайлар уюштурулган.

Мындан тышкары, көчө аркылуу агып өткөн Увам каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынды. Азыр каналдын жээги тосулуп, тротуар төшөлүүдө. Келечекте бул жер жашыл зонага айланат.

Аталган иштердин бардыгы шаардыктарды ыңгайлуу шарттар менен камсыздоого жана шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.