Ошто Алымбек менен Курманжан даткалардын күмбөзү жаңыланды

Аймак 05 Декабрь 2025 12:32
593959115_1194503582868537_3292881457030877720_n.jpg
593976976_1194503689535193_8634544874127639339_n.jpg
593980066_1194503652868530_7463015206650021488_n.jpg
593996226_1194503736201855_3908279384874940140_n.jpg
594311229_1194503712868524_6138288654544462800_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 01.12.25./Кабар/. Ош шаарындагы Сары-Мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү жаңыдан курулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев даткалардын жаңыдан курулган күмбөзүнө барып, куран окуду.

Буга чейин күмбөздүн сырткы жана ички бөлүктөрү эскирип, зыярат кылган жарандар үчүн толук шарт болгон эмес. Жаңыдан курулган күмбөз мрамор таштар менен кооздолуп, ичинде зыяратчылар үчүн куран окууга ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Жакынкы күндөрү жаңыдан курулган күмбөз УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Алымбек датка менен Курманжан датканын урпактары жана туугандарынын катышуусунда ачылышы күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жеке каражатынын эсебинен курулду.