Алымбек датка менен Курманжан датканын бейитине жаңы күмбөз курулат

Аймак 03 Сентябрь 2025 12:30
542090312_1117980740520822_6123211842089660790_n.jpg
542278066_1117977247187838_4116449355502474635_n.jpg
541807823_1117978193854410_4871179162444139408_n.jpg
541335730_1117977280521168_627829059574880414_n.jpg
541541018_1117977783854451_622822222475702064_n.jpg
541427199_1117977987187764_6763636853072410535_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Алымбек датка менен Курманжан датканын бейитине жаңы күмбөз куруу иши башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын бейитине барды. Калаа башчы дин өкүлдөрү жана даткалардын урпактары менен жолугуп, көрүстөндө кан чыгарып, куран окулду.

Белгиленгендей, жаңыдан курула турган күмбөздүн долбоорун талкуулашып, бүгүнтөн тарта тийиштүү иштер башталды.

Мындан сырткары көрүстөндүн кире бериши да оңдолот.

"Бул иштерге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке эсебинен акча каражат бөлүп, күмбөздөрдү жаңыдан курдуруп бермей болушту",-деп айтылат маалыматта.