Ошто Алымбек датка көчөсүндөгү ирригациялык инфраструктуралар оңдолот

Аймак 1391 09 Январь 2026 17:50
611639906_1219775437008018_6868431841837820629_n.jpg
611792803_1219770563675172_3565389824767521383_n.jpg
611590487_1219770840341811_5545683757826907028_n.jpg
612302126_1219775900341305_4073013808847872714_n.jpg
612230866_1219775527008009_3382776045933060169_n.jpg
612691417_1219775760341319_8041174800709626813_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 09.01.26. /Кабар/. Ош шаарынын Алымбек датка көчөсүндөгү ирригациялык инфраструктуралар оңдолот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Жеңишбек Токторбаев Алымбек датка көчөсүндө ирригациялык инфраструктураларды жакшыртуу максатында чирип, жараксыз абалга келген дарактарды кыюу иштерин жеринен көрдү.

Ошондой эле шаар башчысы оңдоо иштерин тез арада бүтүрүү тапшырмасын койду.

“Бак-дарактарды алып, жолду кеңейтип жатабыз. Бактарды кыйып жатат деп, эл туура эмес түшүнбөш керек. Бул бактар жарабай, чирип деле калыптыр. Тамырлары да жок, ичи көңдөй. Булар абдан кооптуу болуп калган. Эми ордуна жаңы бактарды отургузабыз, арыктар тартылат”, - деди ал.