Ошто Ак-Буура дарыясын тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталды

Аймак 13 Март 2026 09:35
1.jpg
647222946_1267370365581858_5388282530778810259_n.jpg
648254279_1267370628915165_8910330529846179416_n.jpg
648369385_1267370482248513_1459670538170809916_n.jpg
648403001_1267370338915194_3430111056038549679_n.jpg
648499823_1267370538915174_6162091995331854803_n.jpg
649167806_1267370638915164_3661687693076810974_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Ош шаарында жаздын келиши менен Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталды. Бул тууралуу шаар мэри Жанарбек Акаев билдирди.

Мэр бул чара сел кырсыктарын алдын алуу үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.

"Ак-Буура дарыясынын нугу акыркы 30-40 жылдан бери тазаланбай, бул өз кезегинде сел ташкындарына себеп болуп келген. Эми президент өзү каржы булагын таап берип, дарыянын башынан аягына чейин тазалоо иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, шаар ичиндеги 7 каналдын 100 чакырымдан ашык жээгинин кооптуу тилкелерине тосмолор орнотулат. Ошондой эле көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери дагы жүргүзүлүп, тротуарлар курулат. Муну менен жашоочуларга жакшы шарттар түзүлөт", - деди мэр.

Белгиленгендей, иштердин жүрүшү жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө.