Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Кара-Кулжа районундагы Шаркыратма айылына өтүүчү кооптуу көпүрөнүн ордуна заманбап талаптарга жооп берген жаңы көпүрө куруу маселеси каралды. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Облус башчысы Аманкан Кенжебаевдин районго болгон иш сапары учурунда көпүрөнүн абалы текшерилип, тиешелүү жетекчилерге долбоордук-сметалык документтерди даярдоо тапшырылды.
Долбоор даяр болгондон кийин курулушка келерки жылдын бюджетинен каражат бөлүү маселеси каралып, көпүрөнү суу ташкындары башталганга чейин бүткөрүү боюнча макулдашылды.
Мындан тышкары, облус башчысы Ылай-Талаа – Гүлчө жолундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, жер көчкү коркунучу бар тилкелерди көрдү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана кооптуу аймактардагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү кызматтарга зарыл чараларды көрүү тапшырылды.