Ош облусу Казакстанга биргелешкен туристтик долбоорлорду сунуштады

Аймак 25 сентябрь 2026 14:30
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
816178406_122225693852368081_162116305003670310_n.jpg
821103861_122225693600368081_5546416085875048976_n.jpg
Алдыга
Артка
2.jpg
3.jpg
4.jpg
5.jpg
6.jpg
816178406_122225693852368081_162116305003670310_n.jpg
821103861_122225693600368081_5546416085875048976_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Ош облусу Казакстан менен биргелешкен туристтик маршрутту ишке киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушууда билдирди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал Ош – Андижан – Ташкент – Шымкент – Түркстан багытындагы эл аралык маршрутту биргеликте илгерилетүүнү сунуштап, туристтер бир сапарда төрт өлкөгө барууга мүмкүнчүлүк аларын белгиледи.

Ошондой эле Ош облусунун Казакстан менен соода байланышын кеңейтүүгө жана биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдар экенин айтты. Аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 29-30-октябрда Бишкекте өтө турган өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана форумга конкреттүү долбоорлор менен катышууга даяр экенин билдирди.