Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Араван районунда Карылардын эл аралык күнүнө карата 100 жаштагы Кимия Орозова апага урмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Президенттин өкүлү Аманкан Кенжебаев аны үйүнө барып куттуктады.
Кимия эне 1926-жылы туулган. Ал эки уулду тарбиялап өстүргөн. Уулдарынын бири дарыгер, экинчиси мугалим болуп, учурда элге кызмат кылып келишет. Кимия эне алты неберенин жана 27 чөбөрөнүн чоң энеси.
Учурда Ош облусунда 124 миң 757 улгайган жаран жашайт. Алардын ичинен 100 жаштан ашкан 43 адам бар.