Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районундагы "Ала-Тоо Амир" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ишкана табигый сүттөн улуттук суусундуктарды жана түштүк аймагында өстүрүлгөн мөмө-жемиштерден алкоголсуз суусундуктарды чыгарат. Чийки зат Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы фермерлерден алынат. Учурда ишканада 50дөн ашык туруктуу жана 100дөн ашык сезондук жумушчу эмгектенет.
Өндүрүштү кеңейтүү үчүн Мады айыл аймагында жаңы кайра иштетүүчү завод курулууда. Биринчи этапта улуттук суусундуктар цехи ишке кирип, учурда сүт жана кургатуу цехтеринин курулушу жүрүүдө.
Долбоордун алкагында ишканага 34 млн 275 миң сомдук улуттук жана алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу линия берилген. Мындан тышкары, сүт азыктарын кайра иштетүү жана кургатуу жабдууларын алуу үчүн 35 млн сомдук каржылоо маселеси каралууда.
Ошондой эле нарк чынжырына кирген фермерлерге 57 баш швиц породасындагы бооз торпок жана үч баш бука берилген. Дагы 12 фермерге бодо мал сатып алуу үчүн 42 млн сомдук өтүнмө даярдалды.