Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районунун Кызыл-Тал айылындагы "Абдурашит Ата" дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, чарба жылына 300 тоннадан ашык сүт өндүрүп, заманбап саан жабдуулары, муздаткыч танкер, жем тараткыч жана автоматташтырылган башкаруу системасы менен камсыздалган. Евроферманы түзүүгө 200 миң доллардан ашык жеке инвестиция салынган.
Долбоордун алкагында эки трактор, эки жүк ташуучу унаа жана Европадан симментал породасындагы 58 баш бооз торпок алып келинген.
Мындан тышкары, нарк чынжырына кирген үч айыл чарба кооперативине сүт өндүрүшүн кеңейтүү жана кайра иштетүү кубаттуулугун жогорулатуу үчүн 57 млн сом өлчөмүндө каржылоо жактырылган.
Аманкан Кенжебаев мындай долбоорлор сүт кластерин өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана айыл тургундарынын кирешесин жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.