Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында жаштардын билим алуусуна, чыгармачылыгына жана демилгелерин ишке ашыруусуна багытталган жаңы борбор ачылды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, борбор БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен курулган.
Жаңы борбордо шахмат, англис тили жана маалыматтык технологиялар (IT) боюнча ийримдер уюштурулган. Ошондой эле ал жаштардын долбоорлорун жана демилгелерин колдоо, алардын башын бириктирүү үчүн аянтча болот.
Белгилей кетсек, Чолпон-Атадагы борбор жыл башынан бери өлкөдө ачылган сегизинчи жаштар борбору болуп саналат.