Ошто абанын сапатын жакшыртуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?

Аймак Загрузка... 16 Июль 2026 15:10
WhatsApp Image 2026-06-08 at 14.20.39 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Ош шаарында атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана абанын булганышын азайтуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга шаар мэринин орун басары Эрнис Толтоев жетекчилик кылып, мамлекеттик органдардын, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

2

Жыйында министрлер кабинетинин тескемелеринин негизинде абанын булганышын азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана "Абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планынын" аткарылышы каралды.

Эрнис Толтоев абанын тазалыгы калктын ден соолугуна түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, бул багытта бардык мекемелер тыгыз кызматташуусу керектигин айтты.

Отурумдун жыйынтыгында төмөнкү багыттар боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды:

  • өнөр жай жана энергетикада экологиялык талаптарды сактоо;
  • коомдук транспортту экологиялык таза транспортко өткөрүү;
  • мыйзамсыз таштандыларды алдын алуу, шаарды жашылдандыруу;
  • калк арасында экологиялык маданиятты жогорулатуу;
  • экологиялык мониторингди күчөтүү;
  • бардык жооптуу мекемелерге бекитилген пландагы милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу милдеттендирилди.