Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Ош шаарында коомдук транспорттун ишин иретке келтирүү жана тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында атайын комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул жолу адистер Ош шаардык муниципалдык унаа ишканасына таандык 5 автобустук жана 10 кичи автобустук каттамдын жүрүү карталарын өзгөртүүнү талкуулашты.
"Мында каттамдардын багыты жүргүнчүлөр узакка күтпөй, көздөгөн жерине тезирек жете тургандай болуп түзүлөт. Коомдук транспорт мурда каттам аз болгон же такыр каттабаган жаңы конуштарга, көчөлөргө багытталат жана транспорт системасы шаардын жаңы өсүп жаткан инфраструктурасына ылайыкташтырылат", - деп айтылат маалыматта.