Ошто 3 балага 872 миң сом алимент өндүрүлдү

Аймак Загрузка... 09 Февраль 2026 17:00
12.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.02.26 /Кабар/. Ош шаарында 872 миң 516 сом өлчөмүндөгү алимент боюнча карыз толугу менен өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, аткаруу өндүрүшү Сот аткаруучулар кызматынын Ош шаардык бөлүмүндө болгон. Карызкор Д.Э. үч баласы 18 жашка толгонго чейин аларды багуу үчүн Б.Э. аттуу жаранга ай сайын алимент төлөп турууга милдеттүү болчу.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 872 516 сом өлчөмүндөгү карыз толугу менен өндүрүлүп, баланы багып жаткан энеге өткөрүлүп берилди.