Ошто 1,3 млн сомдон ашык алимент карызы өндүрүлдү

Укук тартиби Загрузка... 18 Март 2026 10:55
vpj3peztidtwrk7suj0ooxexk6xlshml.png
copyright icon WWW

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Ош шаарында ири өлчөмдөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот аткаруучулардын өндүрүшүндө карызкор Ж.А.А.дан өндүрүп алуучу М.Д.З.нын пайдасына алимент өндүрүү боюнча аткаруу баракчасы болгон. Карыз 2013-жылдын 15-мартынан тартып 2026-жылдын 1-апрелине чейинки мезгил үчүн эсептелген.

Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 1 млн 304 миң 267 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз толугу менен өндүрүлүп, өндүрүп алуучуга өткөрүлүп берилди.