Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Ош шаарыда Курманжан датка көчөсүнө А.Навои көчөсү менен кесилишинен тарта асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жумуштун биринчи этабы А.Навои көчөсүнүн кесилишинен тарта 8-март көчөсүнө чейинки аралыкта жүргүзүлөт. Кийинки этапта 8-март көчөсүнөн Касымбеков көчөсүнө чейинки аралык жасалат.
Унаа тыгындарын болтурбоо максатында жолду бөлүп жасоого туура келүүдө. Жалпы жолдун узундугу 3,5 чакырымды түзөт.
Муну менен катар жолдун эки тарабындагы ирригациялык лотоктор, тротуарлар да кошо жаңыдан жасалат.