Бишкек, 01.11.25. /Кабар/. Ош облусунда бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Алай районунун тургундары менен жолукканда билдирди.
Анын айтымында, көп жылдан бери көйгөй жаратып келген жалпы узундугу 55 чакырымды түзгөн Ылай-Талаа – Гүлчө жолун толук оңдоо иштери башталууда. Мындан сырткары, кийинки жылы Ош шаарынан Гүлчөгө чейинки жол да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
"Ошондой эле Ош шаарынын кире беришинде жайгашкан Алымбек датканын айкелинен айланма жолго чейинки 3 чакырымдык аймак Алымбек датка проспектиси деп аталды. Аталган жол эми заманбап талаптарга ылайык кеңейтилип, толук реконструкцияланат.
Бул долбоорлор аймактагы транспорттук кыймылды жеңилдетип, экономикалык жана социалдык өнүгүүгө оң таасирин тийгизет", – деди Жантаев.