Ош: Унаасы менен кошо сел агызып кеткен жаран куткарылды

Коом Загрузка... 20 Июнь 2026 23:00
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 20.06.26. /Кабар/. Ош шаарында сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Зымырык-Сай тилкесинде Ак-Буура–Араван каналы аркылуу сел түшүп, Сайдиев көчөсүндө жайгашкан бир бала бакчанын короосун жана ички чарбалык жолдун айрым тилкелерин каптаган.

Мындан сырткары, Matiz үлгүсүндөгү жеңил унаадагы бир жаран сел суусуна агып кеткен. Жергиликтүү тургундар тарабынан жаран куткарылып, унаа сел суусунан чыгарылган.

Белгилей кетсек, жалпысынан селдин кесепеттерин жоюу иштерине 57 адам жана 7 техника тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.