Ош шаарындагы эң узун көчө толук жаңыланат

Аймак 7 сентябрь 2026 13:00
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Б. Осмонов көчөсүн реконструкциялоонун алкагында жолдун биринчи тарабына асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөнүн узундугу 5 чакырымдан ашат. Жүргүзүлүп жаткан иштерди Ош шаарынын мэри жеринде текшерип, жеке көзөмөлүнө алды.

Б. Осмонов көчөсү 5-октябрь — Ош шаарынын күнүнө карата пайдаланууга берилери күтүлүүдө.