Оштогу Жунусов көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Коом 5 декабрь 2025 16:26
1.jpg
593731935_1194557996196429_1269330215293473662_n.jpg
593797691_1194558032863092_6203475048321120760_n.jpg
593921701_1194557926196436_1715650469799424275_n.jpg
594156298_1194557879529774_3891881236787178946_n.jpg
594510162_1194558062863089_3523406091407116964_n.jpg
594703876_1194557659529796_4996861202290257611_n.jpg
594904041_1194557582863137_2723204017073300690_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Ош шаарындагы А.Жунусов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бүгүн пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөнүн жалпы узундугу 700 метр, кеңдиги 24 метр, 4 тилкелүү болуп оңдолду.

Эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар, жашыл аймак каралып, суу түтүктөрү тартылып, ирригациялык лотоктор орнотулду.

Эске салсак, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда аталган көчөгө барып, жолду кеңейтүү жана асфальттоо тапшырмасын берген. Анын алкагында тоскоолдук жараткан бир канча курулуштарды алып салуу жумуштары жүргөн.

Көчөнү оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып жасалды.