Ош шаарында жолдорду жамоо иштери жүргүзүлө баштады

Аймак 1051 17 Март 2025 11:26
484509062_985478673771030_1794476009932600166_n.jpg
483837635_985478163771081_8316048230998287014_n.jpg
485085714_985478803771017_7469889931498935887_n.jpg
Алдыга
Артка
484509062_985478673771030_1794476009932600166_n.jpg
483837635_985478163771081_8316048230998287014_n.jpg
485085714_985478803771017_7469889931498935887_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек,17.03.25./Кабар/. Ош шаарында жолдорду жамоо иштери жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Азыркы учурда «Ош шаардык жолдор башкармалыгы» муниципалдык ишканасы Ленин жана Г.Айтиев көчөлөрүндө жолдорду жамоо иштерин жүргүзүүдө.

Ленин көчөсү менен кесилишкен Сүйүмбаев көчөсүнөн Джиннах көчөсүнө чейин 250 чарчы метр, ал эми Г.Айтиев көчөсүндө 600 чарчы метрди түзгөн жолдор оңдолот.

Мындан тышкары Курманжан-Датка, Р.Абдыкадыров жана Ж.Касымбеков көчөлөрүндө дагы жолдор оңдоп-түзөөдөн өтөт.