Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Күн муру Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткен облусуна иш сапары менен барды.
Ведомстводон билдиришкендей, анын алкагында министр Ош–Баткен–Раззаков автожолунун 364–370-чакырым аралыгына асфальт төшөө боюнча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле Кайрагач–Кулунду–Арка жолунун Мурас айылы аркылуу өткөн 25 чакырымын асфальттоону тез арада ишке ашырууна тапшырып, Самаркандек–Жети–Таш–Мурас жолунун абалы менен таанышты.
Мындан тышкары, министр 2016-жылы курулган асфальт заводун жакынкы күндөрү иштетүү маселесин көтөрдү.