Айбек Жунушалиев жекшемби күнү шаар кыдырып, бир катар тапшырмаларды берди

Коом Загрузка... 17 Март 2025 13:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек,17.03.25./Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жекшемби күнү шаарды кыдырып, бир катар тапшырмаларды берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы Жибек-Жолу проспектиси боюнча Аламүдүн дарыясынын үстүндөгү көпүрөнүн абалын карап чыгып, курулуш иштерин тездетүүнү тапшырды.

Ошондой эле, Аламүдүн базарынын аймагындагы Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Шабдан Баатыр көчөсүнүн (ЖЭБ району) Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп -түзөө иштери пландалууда. Мэр райондордун акимдерине жана шаардык кызматтардын жетекчилерине бул аймактарды комплекстүү жаңылоо боюнча график түзүүнү жана жолдорду реконструкциялоо үчүн шарттарды түзүүнү тапшырды.

Муну менен катар Айбек Жунушалиев подряддык уюмдун өкүлдөрү менен биргеликте М. Ауэзов көчөсүн текшерди.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар тургундары социалдык тармактар аркылуу муниципалитетке кайрылып, жакында оңдолгон жолдун абалын калыбына келтирүүнү суранышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө асфальтбетон төшөөсү стандарттарга туура келбестиги жана бордюрларында кемчиликтер аныкталып, «Бишкекасфальтсервис» ишканасы бул маселе боюнча укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү документтерди даярдамай болду.

«Сапатсыз жумуш аткарууга жол берилбейт. Эгер шарттарды аткарбасаңар, жоопкерчиликке тартыласыңар», – деп белгиледи шаар башчысы.

Ал эми Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки Бакаев көчөсүнүн темир жол аркылуу өтүүчү бөлүгүндө курулуш иштерин тездетүүнү жана жакынкы аймакты көрктөндүрүүнү тапшырылды.

Ошондой эле Жаш Гвардия бульварынын Жибек-Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө пландалган реконструкция иштери да көзөмөлгө алынды.

Жол куруу иштеринин кеңири масштабын эске алуу менен, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине оңдоо жүргүзүлө турган жол тилкелеринин убактылуу жабылышы жана коомдук транспорттун каттамдарынын өзгөрүшү жөнүндө шаар тургундарына алдын ала маалымат берүүнү милдеттендирди.

Кыдыруунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине шаардагы аялдамаларды жаңылоо иштеринин мөөнөтүн текшерүү тапшырылды. Эгерде календардык график бузулса, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Муниципалдык инспекцияга борбор калаанын көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын текшерүү боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүү, айрыкча, жашыл зоналарга унаасын токтоткон айдоочуларга жана уруксаты жок жерлерге жарнама жайгаштырган адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына уруксат берүүчү документтери жок орнотулган объектилерди аныктоо жана аларды тез арада демонтаждоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүү, айрыкча Ауэзов көчөсү жана кызыл сызыктан ашып кеткен башка объекттер боюнча иш алып баруу милдети коюлду.

«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына куураган бактарды кыюу жана зарыл чараларды көрүү тапшырылды. Ал эми «Тазалык» ишканасына ирригациялык түйүндөрдү үзгүлтүксүз тазалап туруу милдеттендирилди.

"Бишкек шаарынын мэриясынын орун басарларына коюлган бардык тапшырмалардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алуу тапшырылды",-деп айтылат маалыматта.