Ош шаарында VII Аял-режиссёрлордун эл аралык кинофоруму өтүүдө

Коом Загрузка... 05 Декабрь 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова 2-5-декабрда Ош шаарында өтүп жаткан «Тоолор. Экология, кинодогу аялдар – келечекти өзгөрткөн көз караш» аттуу VII Аял-режиссёрлордун эл аралык кинофорумуна катышты.

Иш-чара Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдыктын алкагында өтүп, Эл аралык тоо күнүнө карата уюштурулган иш-чаралардын декадасын баштады. Кинофорум экологиялык жана билим берүү күн тартибинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, климаттын, жаштардын жана тоолуу аймактардын өз ара байланышына көңүл бурат.

Президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова иш-чараны ачып жатып, уюштуруучуларга жана кинофорумдун негиздөөчүсү Асел Жураевага ыраазычылык билдирип, эл аралык кинофорум тоо экосистемаларын жашоонун, суунун, энергиянын жана шыктануунун булагы катары сактоо үчүн жалпы жоопкерчиликти алууга чакырарын баса көрсөттү.

Ал тоолор, аял-режиссерлор сыяктуу эле, туруктуулукту, ички күчтү жана сулуулукту чагылдырарын, ал эми кинофорум өзү искусстводогу аялдардын үнү ишенимдүү жана чын ыкластан угулган, искусствону, маданиятты жана экологиялык күн тартибин бириктирген мейкиндикти түзөрүн өзгөчө белгиледи.

Панелдик сессиянын жүрүшүндө атайын өкүл катышуучуларга президент Садыр Жапаров демилгелеген Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгынын программасын тааныштырды.

Бул жылы кинофорум эки негизги - "Аялдардын көз карашы" жана "Экологиялык жана социалдык активизм" категорияларын камтыды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын аял-режиссерлору тарткан 25 тасма кирди.

Кинофорумдун тарыхында биринчи жолу туруктуу тоолуу өнүгүүгө, климаттык чакырыктарга жана айымдардын айлана-чөйрөнү коргоодогу ролуна болгон өсүп жаткан көңүл бурууну чагылдырган өзүнчө экологиялык блок киргизилди. Көрсөтүлгөн тасмалар аялдар менен балдардын абалы, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көйгөйлөрү, гуманизм маселелери жана жаратылышты коргоо сыяктуу актуалдуу социалдык темаларды ачып берет.