Ош шаарында санарип кызматтар боюнча акысыз кеңештер берилүүдө

Коом 308 19 Июнь 2026 13:15
725698285_1056990216990788_4415788302675930944_n.jpg
727814797_3213298345523589_866159845098393041_n.jpg
726270224_1004795025849227_3123678586302588955_n.jpg
726517078_3107586212772758_3383681068825512863_n.jpg
727587488_872655135342938_2073189152828527894_n.jpg
725860828_2473159739793836_380699511779917645_n.jpg
727346363_4399495043642038_1877516417568961974_n.jpg
726717940_1537898457936267_7903439447700247890_n.jpg
726307546_1003806438699247_8538685209598168044_n.jpg
725733517_1317365037127471_1812606009764071192_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" жана "Түндүк" мамлекеттик мекемелери Ош шаарынын тургундары үчүн санарип кызматтар боюнча кеңештерди берүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда адистер жарандарга "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүү порталын колдонуу, санарип документтерди алуу жана мамлекеттик кызматтарга онлайн кайрылуу тартибин түшүндүрүп, жеринде суроолорго жооп беришет.

Кеңештер бүгүн төмөнкү даректерде уюштурулуда:

  • 10:00дөн 12:00гө чейин Араван көчөсү тарапта
  • 15:00дөн 17:00гө чейин "Нурзаман" соода борборунун жанында.

Бардык кызыккан жарандар үчүн кызмат көрсөтүү акысыз.