Ош шаарында өрттөн жабыркаган батирлердин баары калыбына келтирилет

Коом 19 Октябрь 2025 16:25
564022088_1156867119965517_3313912143647594503_n.jpg
565716363_1156867439965485_6482179550882917839_n.jpg
566216493_1156867153298847_2290987226593479449_n.jpg
564655151_1156867143298848_6485741047151638521_n.jpg
565310658_1156867223298840_269651626989979467_n.jpg
565116180_1156867329965496_6373399732217050123_n.jpg
564613479_1156867076632188_7364246007204900677_n.jpg
565373164_1156867453298817_3198887925050154620_n.jpg
566350824_1156867229965506_4258654582180734591_n.jpg
567787655_1156867339965495_6484357760399928674_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош мэриясы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.10.25 /Кабар/. Ош шаарында өрттөн жабыркаган батирлердин баары калыбына келтирилет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үйдүн жашоочулары менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, учурда көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан өрт кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда.

Жеңишбек Токторбаев белгилегендей, президент Садыр Жапаров күйүп кеткен үйдүн чатырын, жабыркаган батирлерди толук калыбына келтирип, жеке көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

"Баары мэриянын эсебинен бүткөрүлөт. Кыжаалат болбоңуздар, эң башкысы жашоочулар аман. 13-кабат мансард тибинде болуп, эки тарабында 6 батир жайгашыптыр. Үч батирде адамдар жашап, калгандары бүтө элек экен. Бул кабат толугу менен, ошондой эле 6, 10, 11, 12-кабаттардан бирден батир күйүптүр. Эртеңден тартып курулуш материалдарын алып келип, сиздерди жаан-чачынга калтырбастан батирлерди калыбына келтирип баштайбыз”, - деп белгиледи ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, тилсиз жоо саат 16:00дө толук өчүрүлдү. Өрттүн болжолдуу аянты 1895 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эске салсак, бүгүн таңга жуук Ош шаарындагы Маматисакова көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, ӨКМден 8 бөлүм, 2 автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылган. Мындан тышкары, милиция жана тез жардам кызматы иш алып барган.