Ош шаарында Литванын Ардактуу консулдугу ачылды

Аймак 690 12 Март 2026 13:05
1.jpg
2.jpg
649830088_122203908128368081_4890453494675452911_n.jpg
649867104_122203908584368081_5077363536837755684_n.jpg
650143911_122203908752368081_5953478398822888914_n.jpg
650240645_122203908620368081_5734069907356357226_n.jpg
650638281_122203908470368081_6166512589282878675_n.jpg
650730407_122203908530368081_5753487845494093577_n.jpg
650846667_122203908482368081_6104273608461487489_n.jpg
650968881_122203908542368081_6037725394181769180_n.jpg
651176467_122203908632368081_1716201007832355389_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Литванын Ардактуу консулдугунун расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чаранын алкагында президенттин өкүлү Аманкан Кенжебаев Литванын башкы консулу Шаруне Кубилюте жана ардактуу консул Медербек Орумбаев менен жолукту.

Кенжебаев Медербек Орумбаевди Литванын Оштогу ардактуу консулу болуп дайындалышы менен куттуктап, бул кадам эки өлкө ортосундагы байланышты чыңдай турганын белгиледи.

Литва тарапка Ош облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, өзгөчө айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана туризм тармагы боюнча маалымат берилди.

Тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, билим берүү жана маданий-гуманитардык долбоорлорду активдештирүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнү макулдашты.