Нижний Новгороддо Кыргызстандын Ардактуу консулдугу ачылды

Загрузка... 13 Февраль 2025 16:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев 10-12-февралда жумушчу сапары менен Нижний Новгород облусуна барды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сапардын максаты эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда мамилелерди өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүүсүн орнотуу болгон.

Сапар учурунда элчи Нижний Новгород облусунда Кыргызстандын Ардактуу консулдук кеңсесинин ачылыш аземине катышып, аймактын губернатору Г.Никитин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Соода-өнөр жай палатасынын башчысы А.Пушкин, Н.Лобачевский атындагы Нижний Новгород Мамлекеттик университетинин ректору О.В.Трофимов, ошондой эле аймакта окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту.

Нижний Новгород облусунун башкармалыгында өткөн жолугушууда тараптар кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланып, Кыргызстан менен Нижний Новгород облусунун ортосунда мындан аркы өз ара аракеттенүү багыттары  белгиленди.

Губернатор Никитин аймактын экономикалык жана илимий-билим берүү потенциалы менен тааныштырып, Кыргызстан менен экин тараптуу мамилелерди күчөтүүгө кызыкдар экендигин ырастады.

ОШондой эле ал кыргыз тарапты ушул жылдын 3-6-июнунда Нижний Новгород шаарында өткөрүлүүчү "Россия өнөр-жайынын санариптик индустриясы" аталышындагы эл аралык конференцияга чакырды.

Өз кезегинде элчи Бөкөнтаев кыргыз-россиялык мамилелердин бийик деңгээлин канааттануу менен белгилеп, тарыхый жактан калыптанган ишенимдүүлүк жана достук мамилелердин негизинде союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк багытында өнүгүп жатканын, Россия менен ар тараптуу диалогду мындан ары улантууга жана бекемдөөгө багытталганын ырастады.

Кыргызстандын потенциалы жөнүндө айтып жатып, акыркы жылдары өлкөнүн социалдык-экономикалык тармактагы жетишкендиктерине, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөргө жана мамлекеттин калкынын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатууга багытталган реформаларга өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле губернатор Г.Никитинди быйыл Кыргызстанда өтө турчу XII Кыргыз-Россия аймактык конференцияга жигердүү катышууга чакырды.

Тараптар аймактар аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө жана Нижний Новгород облусунун Кыргызстандын облустары менен боордоштук байланыштар жөнүндө келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүн кароого макулдашышты.

Унаа өнөр-жайы жана фарминдустриядагы аймактын потенциалын эске алуу менен өнөр-жай кооперациясынын долбоорлорун изилдөө, IT-тармагы, туризм жана биргелешкен билим берүү программалары менен алмашуу жаатында кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү боюнча пландарды белгилешти.

Маалымат үчүн: Россиянын Нижний Новгород облусунда 6 индустриалдык парк, 10 бизнес-инкубатор, 2 технопарк иштейт. Алардын арасында санариптик технологияларды колдоо жана координациялоонун “Горький Тех” регионалдык борборунун ийгиликтүү ишмердүлүгүн, дүйнөлүк деңгээлдеги “Неймарк” жогорку окуу жайлар аралык IT-кампусту түзүү боюнча келечектүү долбоорду белгилөө керек. Ошондой эле региондо 7 кластер иштейт (индустриалдык инновациялык автоунаа куруу  “Газ” жана “ПАЗ” ААК, мунайхимия, өнөр жай, жеңил өнөр жай, биомедицина, кеме куруу, эл аралык IT жана Саровский инновациялык ишканалары). Нижний Новгород аймагы ИТ-тармагы жана программалык камсыздоону экспорттоо боюнча Россияда 3-орунду ээлейт. Облуста алдыңкы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча 3 атайын аймагы жайгашкан. Ал эми 2020-жылы Дзержинск шаарында өнөр жай-өндүрүштүк типтеги өзгөчө экономикалык зона түзүлгөн.

Эл аралык практикага ылайык Россиянын Нижний Новгород облусунда Кыргызстандын Ардактуу консулдук кеңсеси ачылып, “Крайон” IT-компаниясынын башкы директору, Россиянын “Деловая Россия” бизнес-ассоциациясынын башкы кеңешини мүчөсү В.А.Юн Кыргызстандын Нижний Новгород облусундагы Ардактуу консулу катары дайындалган. Ардактуу консул катары ал Нижний Новгород облусундагы КР жарандарынын укуктарын коргоо жана Кыргызстан Россиянын Нижний Новгород облусунун ортосунда экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди чындоо багытында Кыргызстандын Россиядагы элчилигине көмөктөшүүгө милдеттүү.