Кыргызстан менен Литва билим берүү тармагында кызматташат

Билим 14 Март 2025 11:09
484219642_1074878664685877_2175576153928164010_n.jpg
484140361_1074878634685880_3277489792279441991_n.jpg
483950714_1074878594685884_2835858059426262453_n.jpg
Алдыга
Артка
484219642_1074878664685877_2175576153928164010_n.jpg
484140361_1074878634685880_3277489792279441991_n.jpg
483950714_1074878594685884_2835858059426262453_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Литва Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Эгидиюс Навикас менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин, анын ичинде Европа Биримдигинин программаларынын алкагында өз ара аракеттенүүнү, Twinning долбоорун ишке ашырууну жана инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле билим берүү процессин өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу максатында Литвадан Кыргызстанга мугалимдерди билим берүү мекемелерине жиберүү перспективаларына өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында билим берүү тармагында кызматташууну кеңейтүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиги тастыкталды.