Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Бизге жөн гана жаттап алган эмес, ойлонгон, даяр жоопту күтпөстөн, аны өзү издеп тапкан, технологияларды жөн гана колдонбостон, аларды жараткан келечек муун керек. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев орто жана мектепке чейинки билим берүү багытындагы 20 жаңы мекеменин ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, билим берүү системасын өзгөртмөйүнчө өлкөнүн келечегин өзгөртүү мүмкүн эмес.
"Бүгүн биз жасап жаткан кадамдар оор жана татаал сезилиши мүмкүн. Бирок жеңил жол эртең күчтүү мамлекетке алып барбайт. Биз баланын жүгүн кантип жеңилдетүү керектигин эмес, анын билимин кантип күчөтүү керектигин ойлонушубуз керек", — деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.
Ал ошондой эле бүгүн жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөр олуттуу күч-аракетти жана системалуу мамилени талап кыларын кошумчалады.