Минкаб жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн түрлөрүн бекитти

Загрузка... 28 Март 2025 17:42
0ЗАГС-логотип.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинети жарандык абалдын актыларын мамлекеттиккаттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн түрлөрүн бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Бул чечим ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан тышкары жерлерде колдонууга арналган жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн формаларын бекитти.

2018-жылдын 11-декабрындагы№579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө”  токтомуна ылайык даярдалган жарандык абалдын актыларын жазуу күбөлүктөрүнүн бланктарын берүү алар аяктаганга чейин жүргүзүлөт.

КР президентинин администрациясына жана Тышкы иштер министрлигине токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.