Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Ош шаарындагы "Аль Мансур" жана "Абу Бакр" кафелеринин имараттары буздурулууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин ашкана ээлерине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 3 күн мөөнөт берилген. Бүгүн объект ээлери өз ыктыяры менен бузуу иштерин колго алышты.
Белгилей кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаев эл менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар аталган жайлардын мыйзамдуулугун текшерип берүү өтүнүчүн билдиришкен. Текшерүүдө кафелер мыйзам бузуу менен курулгандыгы аныкталган.