Ош шаарында үч деңгээлдүү өтмөк курулат

Аймак Загрузка... 15 Июнь 2026 09:35
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Ош шаарында жер алдынан жана үстүнөн унаа каттамы, ал эми айлампадан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анда Кулигов-Курманжан датка багытында 6 тилкелүү, ал эми Касымбеков-Осмонов багытында 8 тилкелүү жол каралган.

"Жөө өтмөктүн 8 тарабында тепкич, 4 тарабында пандус болот. Аталган жумуштар жол кыймылын жөнгө салып, унаа тыгынын жоюп, жол коопсуздугун камсыздоо максатында ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.