Ош шаарында бир күнгө суу берүү токтотулат

Коом Загрузка... 21 Октябрь 2025 14:40
voda-iz-pod-krana-foto-3-696x464.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.10.25. /Кабар/. Ош шаарында 23-октябрь күнү суу беруу убактылуу (1 суткага) токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Суу Ош шаарынын таза суу системасында санитардык жана профилактикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле системадагы диаметри 400, 500 мм болгон задвижкаларды алмаштыруу, диаметри 800 мм болгон затвор орнотуу, жаңы курулган насостук станцияны таза суу системасына туташтыруу максатында токтотулууда. Ошондой эле бул учурда Тажик көчөсүн кеңейтүү ишинин алкагында диаметри 800 мм болгон таза суу түтүгүн жылдыруу иштери дагы аткарылат.

Мэрия көрсөтүлгөн убакытка ылайыктуу суу камдап алууну эскертет