Ош облусунун башчысы оруктун ардагери Саадат Алиевадан кабар алды

Аймак 25 Апрель 2025 09:56
492373063_122165122850368081_167004183686120897_n.jpg
492501050_122165122874368081_1436577107057530356_n.jpg
492610254_122165122844368081_5439876827203825816_n.jpg
492712978_122165122862368081_5536968385834845513_n.jpg
Алдыга
Артка
492373063_122165122850368081_167004183686120897_n.jpg
492501050_122165122874368081_1436577107057530356_n.jpg
492610254_122165122844368081_5439876827203825816_n.jpg
492712978_122165122862368081_5536968385834845513_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.04.24./Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Кулжа районунунун 1-май айылынын тургуну, оруктун ардагери 93 жаштагы Саадат Алиевадан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Облус жетекчиси Саадат эненин абалын сурап, Улуу Жеңиштин 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, согуш жылдарында жаш экендигине карабастан тылда эмгектенип, жеңиштин келишине салым кошкондугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, белегин тапшырды.

Алиева Саадат апа 1932-жылы Кара-Кулжа районунун 1-Май айылында туулган. Жаштыгына карабастан оор жылдары айыл чарбасында, айрыкча тамекичилик тармагында үзүрлүү эмгектенип, тылда эмгек кылуу менен Улуу Жеңишке өз салымын кошкон.

Саадат апа 1964-жылы Совет колхозунун №6 бөлүмүндө жумушчу болуп иштей баштап, өмүрүнүн көп жылдарын эмгек майданына арнаган. Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы каарман эмгеги үчүн" медалы менен 2006-жылы сыйланган. 4 уул, 5 кыздын энеси.