Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Ош облусунда Афган согушунун 915 ардагери жашайт. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Бектур Зулпиев билдирди.
Анын берген маалыматына ылайык, 725 ардагер 8 миң сомдон, ал эми 16 майып-ардагер 10 миң сомдон кенемте алышат.
"Жыл сайын 15-февралда облустун бардык райондорунда ардагерлердин катышуусунда эскерүү иш-чаралары өткөрүлүп турат. Ошондой эле тарбиялык иштердин алкагында окуучулар үчүн жолугушуулар жана иш-чаралар уюштурулат", - деп билдирди ал.