Ош облустук милициясына 17 кызматтык унаа тапшырылды

Коом 3 ноябрь 2025 10:55
574071144_122190195284368081_5880785730234289516_n.jpg
573623350_122190195158368081_8247669734662841072_n.jpg
573645214_122190195338368081_8885821369109903871_n.jpg
574322354_122190195110368081_4654568687528576582_n.jpg
574424475_122190195428368081_3926012109206806905_n.jpg
574580637_122190194876368081_3550705764784437844_n.jpg
574888104_122190195482368081_2320615910872923788_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Кыргыз милициясынын 101 жылдыгына карата Ош Ош облустук ички иштер башкармалыгына жаңы кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

JAC жана 10 даана Changan X5 үлгүсүндөгү жаңы кызматтык унаалар президенттин белеги катары расмий түрдө тапшырылды.

Унааларды президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов тапшырды. Ал облус башчысы Элчибек Жантаевдин атынан куттуктоо сөзүн айтып, милиция кызматкерлерине ийгилик каалады.

Анын айтымында, кызматтык унаалар ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо натыйжалуулукту арттырууга багытталган.

Жаңы автоунаалар Ош облусунун райондорундагы бөлүмдөргө жана Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонуна бөлүнүп берилди.