Ош-Ноокат жолундагы карьерлердин экологиялык жана техникалык абалы текшерилди

1244 27 Январь 2025 09:43
473804307_605129398806860_45809591653886944_n.jpg
474471780_605129375473529_3539826196495467767_n.jpg
474740369_605129405473526_8009088811750872342_n.jpg
474742994_605129395473527_3522110082327740867_n.jpg
474777072_605129338806866_5867507541135020692_n.jpg
475044733_605129498806850_6186025329681703545_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Ош - Ноокат жолундагы карьерлердин экологиялык жана техникалык абалы текшерилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, аталган маселе 21-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлгөн.

Анын негизинде Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Б.Жусупбеков Ош шаарынын мэри жана Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басарлары менен биргеликте жеринде Ош-Ноокат жолундагы жер казынасын пайдалануучу карьерлерин көрүп чыкты.

Ошондой эле Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгына, жергиликтүү мекеме ишканалар менен биргеликте, Ош-Ноокат жолунун жээгиндеги бардык карьерлердин экологиялык жана техникалык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын текшерип, мыйзам чегинде чара көрүү керектигин тапшырды.