Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош жана Жалал-Абад облустарында бир катар мыйзам бузууларды аныкташты.
Ведомствонун маалыматына караганда, Өзгөн районундагы Куршаб айылынын борбордук базарында жүргүзүлгөн рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө акциздик маркасы жок 388 куту тамеки продукциясын сатуу фактысы аныкталган.
Ал эми Ноокен районунда турак үйлөрдүн биринен акциздик маркасы жок 520 куту, Ала-Бука районунда 9 миң куту тамеки аныкталды.
Аталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.