Ош — Бишкек жолундагы Арал өткөрмө бекети оор жүк ташуучу унааларга убактылуу жабылды

Аймак Загрузка... 25 Март 2025 10:05
1107608.4d3d29dda5132627f15965fca2606abb (1).jpg
copyright icon www

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Ош — Бишкек жолундагы Арал өткөрмө бекети оор жүк ташуучу унааларга убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жана бороон болгондугуна байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Токтогул районунун Арал постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат түнкү 23:45тен тартып №23 ЖТИнин сунушу боюнча убактылуу чектөө киргизилди.

Кошумча маалымат берилет.