Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Аймак
Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда саат 09:20да жана Арал постунда саат 08:30да оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.

Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 60-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө азырынча күчүндө.

Белгилей кетсек, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.

"Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат",-деп айтылат маалыматта.