Сосновкада оор жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө киргизилди

Коом Загрузка... 08 Март 2025 15:50
482138718_951813790460701_8668994167767024160_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.03.25. /Кабар/. Сосновка постунда саат 14:00дон тарта кайрадан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда бороон болууда.

№ 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Жеңил унааларга жол ачык, каттам бар.

Эске салсак, буга чейин Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө эртең менен саат 10:00дор чамасында алынган болчу.

Белгилей кетсек, министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштары бардык аймактарда тынымсыз аткарылып жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпоону эскертет. Сиз эрежени гана бузбастан, жол тазалаган унаалардын кыймылына катуу тоскоолдук жаратарыңызды унутпаңыз.

Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо - кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт.