Бишкек, 24.11.26. /Кабар/. Өтмөк жана Төө-Ашуу ашууларында кар жаап, жол тейлөө кызматкерлери жолдорду тазалоо жана коопсуз каттамды камсыздоо иштерин жүргүзүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Өтмөк ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатканына карабастан, унаа кыймылы ачык. Төө-Ашууда жолго кум-туз аралашмасы себилүүдө.
Ал эми Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы Долон ашуусунда аба ырайы ачык, жол таза жана каттам үзгүлтүксүз.
Министрлик айдоочуларды жол эрежелерин сактоого, унаалардын ортосундагы аралыкты кармоого жана кышкы дөңгөлөктөр менен жүрүүгө чакырат.