Өтмөк, Төө-Ашуу жана Долон ашууларында жол ачык

Коом
Өтмөк, Төө-Ашуу жана Долон ашууларында жол ачык
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Бүгүн Өтмөк ашуусунда аба ырайы ачык болуп, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол тейлөө кызматкерлери кышкы мезгилге карата 7 миң тонна кум жана 300–400 тонна туз даярдады. Учурда атайын техникалар тартылып, 3,5 миң литр дизель майы камдалды.

"Ашуунун абалы нөөмөт уюштуруу аркылуу туруктуу көзөмөлдөнүүдө. Ошондой эле Төө-Ашуу жана Долон ашууларында аба ырайы ачык болуп, каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда",-деп айтылат маалыматта.