Сосновка жана Арал постторундагы чектөө алынды

8 март 2025 11:03
Сосновка жана Арал постторундагы чектөө алынды
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.03.25. /Кабар/. Бүгүн саат 10:15те Жайыл районундагы Сосновка жана Токтогул районундагы Арал постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 6-мартта Бишкек - Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.