Бишкек, 16.03.25. /Кабар/. Өлкө аймагында эл жана жүк ташыган унааларга рейд жүрүүдө. Аларга эки күндө 1млн 919миң 500 сомго айып салынды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, өлкө аймагында “кошумча жабдык” аталышында рейд өткөрүлүп, “Сосновка” , “Арал”, “Чычкан”, жана башка көзөмөл өткөрмө жайларында оор жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташыган унааларды токтотуп, көзөмөлгө алынууда.
Текшерүү учурунда маршруттук унааларга ашыкча орундуктарды орнотуп, жүргүнчүлөрдү жаткызып ташып жүргөн фактылар аныкталган. Ошондой эле унааларга багаждарды, фараларды, бортторду газ-баллондорду, тосмо борттор сыяктуу кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орнотуп алганда 349 айдоочу аныкталган. Аладын ар бирине 5500 сомдон протокол түзүлүп, жалпысынан 1млн 919миң 500 сомго айып пул салынды.
Рейддик иш-чара мындан ары да улантылат.