Бишкек, 07.01.26. /Кабар/. Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы Ош базарынын тегерегинде жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейд өткөрдү.
Милициядан билдиришкендей, текшерүү учурунда жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөр жана жөө өтмөктөн жол бербеген айдоочулар аныкталып, аларга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми эрежени одоно бузгандарга протоколдор түзүлдү.
Кайгуул кызматы жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.